08:38
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кара-Балта шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан аянты 5 миң чарчы метрден ашык болгон бала бакчаны мамлекеттик баланска кайтарды.

Натыйжада бала бакча 1997-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталып, андан кийин аталган бала бакчанын имаратын мыйзамдаштыруу максатында 2001-жылы мамлекеттик органдардын чечиминин негизинде бала бакчанын имаратынын жана аймагынын базасында дыйкан чарбасы (сүт цехи, наабайкана) түзүлгөн.

Кийинчерээк аталган социалдык маанилүү объекттин аймагында курсанттарды коммерциялык максатта айдоочулукка үйрөтүү үчүн автомектеп ачылган. Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен 4-июль күнү жогоруда аталган социалдык объект бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска кайтарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар