20:50
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 7-25-июлга чейин убактылуу жабылат.Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолдун 94-чакырымынан 104-чакырымына чейинки бөлүгүндө (Кемин району) жолдун үстүн тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин жол кыймылы бир тилкеде, жума күндөрү да, бирок түштөн кийин гана чектелет.

Ишемби жана жекшемби күндөрү жол толугу менен ачык болот, деп кошумчалайт башкармалык.

Эң көп окулган жаңылыктар