20:08
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чүй облусунда 300,4 чакырым жол курууну пландап жатышат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Чүй облусундагы жол куруу жана оңдоо иштери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, шаар акимдери жана мамлекеттик администрация башчылары катышты.

Жолугушууда облустагы жол инфраструктурасынын учурдагы абалы, автожолдорду калыбына келтирүү маселелери жана аткарылган иштердин көлөмү кеңири талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында бир катар артыкчылыктуу милдеттер аныкталып, алардын аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынат.

План боюнча 2025-жылга чейин Чүй облусунда 300,4 чакырым жолдун курулушу пландаштырылууда. Анын ичинен капиталдык салымдар беренеси боюнча 259 чакырым, титулдук тизме боюнча 41 чакырым жол куруу пландаштырылууда деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар