Эверестке чыккан өлкөнүн биринчи жараны кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Пакистандын Каракорам тоо кыркасында жайгашкан К2 (8 611 метр) чокусуна чыгуу үчүн даярданып жатат. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактардагы расмий баракчасында билдирди.
Анын айтымында, К2 чокусу 8614 метр бийиктикте жайгашкан.
Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, бул чокуга кеминде 200 адам чыккан. К2 дүйнөдөгү татаал жана кооптуу чокулардын ичинен Аннапурнадан кийин экинчи орунда турат.
«Мен базалык лагердемин. Күчтүү жана жапайы К2 чокусу. Баары жакшы болот. Мен ишенем. Бул жакта дээрлик байланыш жок», — деди ал.

Белгилей кетсек, 7-апрелде Эдуард Кубатов Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиреткен.
Эске салсак, кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов былтыр Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда ал Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң кары адам болуп калды. Альпинист бул чокуга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш курагында чыккан.