00:22
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте Комсомол көлү ачылды

Бишкекте Карагачев бакчасындагы Комсомол көлү ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн аймак эми ысыкта салкындап, сыртта эс алууну каалагандардын баарына жеткиликтүү болду. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат.

,

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматы

Көл 10:00дөн 19:00гө чейин сууга түшүүгө ачык.

Комсомол көлүндө сүзүү үчүн бир нече эрежелер:

Балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;

Белгиленген сызыктан ары сүзбөңүз;

Мас абалында сүзүүгө болбойт;

Баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;

Кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;

Сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз.

Бишкек шаар жетекчилиги сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар