19:17
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 29,8 пайызга өстү

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2025-жылдын биринчи кварталында 29,8 пайызга өсүп, 6,1 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты «Тажикстан менен Кыргызстан байланышты чыңдайт» деген аталышта макала даярдаган «Ховар» улуттук маалымат агенттиги билдирди.

2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 12,2 миллион доллардан ашып, 2023-жылга салыштырмалуу 4,3 пайызга өскөндүгү белгиленген. Өсүү боюнча маалыматтар эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын айгинелейт деп айтылат билдирүүдө.

«Өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарынын бири энергетика бойдон калууда. CASA-1000 долбоорунун алкагында инфраструктуралык курулуштун аяктоосу аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү этап болуп калды. Тажик-кыргыз мамилелери саясий диалогду тереңдетүү, экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен мүнөздөлгөн прогрессивдүү өнүгүүнү улантууда», — деп баса белгиленет.

Мамлекеттер аралык мамилелердин негизги документтери болуп төмөнкүлөр саналат:

1996-жылдын 12-июлундагы негизги мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндө келишим;

2004-жылдын 26-майындагы Жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишим;

2025-жылдын 13-мартында кол коюлган тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасы боюнча келишим.

Эң көп окулган жаңылыктар