Кыргызстандын мектептеринде дээрлик 166 миң бала катталган. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.
Анын ичинде 2,5 миңге жакын бенефициарлар. 123 миңден ашык орун бекер, 27 миңи жеңилдетилген орундар.
Бишкек шаарында 13,6 миң бала 1-класска, 15,7 миң бала экинчи класска кабыл алынган. Борбор калаада биринчи класста 2 миңден бир аз ашык орун, экинчи класста 2,1 миң орун бош калууда.
Белгилей кетсек, 2-июндан баштап электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлөт. Ал 15-августка чейин созулат.
12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу 1 жана 2-класстар үчүн каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, ал эми 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска өткөрүлөт.
2019-жылы төрөлгөн балдар Наристе мектебине 480 сааттык даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да 2-класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.