19:05
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

УКМКнын мурдагы кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшүү менен алектенген Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери кармалганын атайын кызматтын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 20 чет элдик жаран жашап, иштеген тигүү цехинин ижарачысынан ири суммадагы акча алган. Алар Кыргызстандын аймагында уруксат документтери жок жүргөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, имараттын ижарачысы өзүн улуттук коопсуздук органдарынын учурдагы кызматкери катары тааныштырган жаранга — эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн жаап-жашыруу үчүн олуттуу суммадагы акча каражатын өткөрүп бергендиги аныкталган.

Аталган жарандын чындыгында УКМКга эч кандай тиешеси жок экендиги, мурдараак аталган органдан иштен бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан, ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ынандырып жүргөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, ишкер менен жалган кызматкердин ортосунда акча каражаттарын жарым-жартылай кайтарып берүү фактылары катталып, аудио жана видеоматериалдар менен тастыкталган. Кийинчерээк аталган жалган кызматкер убадаларын толук аткарган эмес.

Жабырлануучу тараптын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. 2-июль күнү шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар