18:45
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жол оңдоо. Бүгүн Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 7-июлда Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Б.Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүн 7-апрель көчөсүнөн Б.Юнусалиев көчөсүнө чейин оңдоп-түзөө пландалууда.

Өткөн жылы Ахунбаев көчөсү Б.Юнусалиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин оңдолгон.

Муниципалитет убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, коомдук транспортту колдонууну сунуштайт

Эң көп окулган жаңылыктар