05:35
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек шаарына 47 мектеп жана 61 бала бакча куруу керек

Бишкек шаарына 61 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 47 мектеп курулушу керек. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган 2026-2028-жылдарга калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасынын долбоорунда айтылат.

2025-жылы борбор калаанын муниципалдык билим берүү системасынын түзүмүндө 120 мектеп, 118 бала бакча жана 6 балдардын чыгармачылык борборлору бар.

Өткөн жылга салыштырмалуу административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаарда 18 мектеп, 15 бала бакча көп. Бирок окуучулардын саны да көбөйдү.

Ошол эле учурда билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги маселеси курч бойдон калууда, мектептерде окуучулар толуп, бала бакчага кезек күтүүлөр пайда болуп жатат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында долбоордук кубаттуулугу 205 миң 164 орундуу борбордогу 120 мектепте 236 миң 899 бала эки нөөмөт менен билим алып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар