00:11
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Олимпиада байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт

Олимпиаданын призеру Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингде дебют жасайт. Бул тууралуу Бокс федерациясынын Instagram баракчасына жазылды.

Архивден
Фото Архивден. Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадада рингге чыгууга бир мүнөт калганда

Кыргызстандык спортчунун дебюту 20-июлда Бишкекте өтө турган Bishkek Arena рингинде SAIKOU LUSH промоушн тарабынан уюштурулган профессионалдык бокстун достук кечесинде болот.

Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы — Коннрад Серуенге (Уганда). Анын тогуз жеңиши жана беш жеңилүүсү бар.

Мунарбек Сейитбек уулу 29 жашта. Ал сегиз жашында бокс менен машыгып баштаган. Ош МУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн.

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Мунарбек 57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалга ээ болуп, кыргыз боксунун тарыхында биринчилерден болуп Олимп оюндарында медаль алган.

Эң көп окулган жаңылыктар