Эртең, 2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37;
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +30...+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +33...+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +33...+35 градус болот.