23:22
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Транспорт министрлиги Чолпон-Атадагы жаңы жол тротуарлары тууралуу айтып берди

Транспорт жана коммуникация министрлиги 24-kg.com агентигине эмне үчүн Чолпон-Ата шаарындагы жаңы жолдо бир гана тротуар бар экенин айтып берди. Эскерте кетсек, редакцияга окурман жаңы трассанын боюнда тротуарлардын жоктугу боюнча арыз менен кайрылган.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы жолдун оң тарабында эмес, сол тарабында тротуар бар экенин, анткени ал жерге мэрия канализацияны өткөрүшү керек деп түшүндүрдү.

Чолпон-Ата шаарында төрт тилкелүү 3,9 чакырым жолдун курулушу аяктады. Ар бир тилкенин туурасы 3,5 метрди түзөт. Жаңы тротуар бир тарабына гана курулган, бирок долбоор аяктаган деп эсептелет.

«Биз өзүбүздүн ишибизди бүтүрдүк. Эми Чолпон-Ата шаарынын мэриясы канализациядан кийин тротуарды өзү жасашы керек. Биздин билишибизче, бул алардын долбоорунда бар», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар