3-июлда Бишкектин бир бөлүгүндө саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Суу токтотулган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Алыкулов — Лев Толстой — Лумумбы — Мурманск.
Маалым болгондой, өчүрүү Чайковский көчөсүндөгү 400 миллиметрлик суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.