02:46
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда сырттан окууга абитуриенттерди кабыл алууга убактылуу тыюу салынды

Жапырт кабыл алууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында Кыргызстандын өкмөтү бир катар жогорку кесиптик билим берүү программаларына сырттан окууга абитуриенттерди кабыл алууга убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-2026-окуу жылынын башынан алты айга төмөндөгү программаларга студенттерди кабыл алууга мораторий киргизилди:

коду 530500 «Юриспруденция» (бакалавр жана магистратура);

коду 580100 «Экономика» (бакалавр жана магистратура);

коду 580200 «Менеджмент» (бакалавр жана магистратура).

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине өзүнүн чечимдерин токтомго ылайык келтирүү жана аны ишке ашыруу боюнча бардык чараларды көрүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар