Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 29-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган CAFA Nations Cup-2025 мелдешинде ойнойт.Бул тууралуу Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) билдирди.
Турнирге Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан, Малайзия жана Оман командалары катышат.
Чучукулак 3-июлда өтөт. А тайпасынын беттештери Ташкентте, В тайпасы Душанбеде өтөт. Топтун жеңүүчүлөрү финалдык беттеште беттешип, экинчи орунду алган командалар коло медаль үчүн ойношот.