Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын медицина кызматкеринин күнүнө арналган иш-чарага катышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан МинКаб башчысы медициналык коомчулукту кесиптик майрамы менен куттуктап, жан аябас эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы гуманизмдин жана профессионализмдин чыныгы жүзүн көрсөткөнүн өзгөчө белгиледи.
«Врачтын кесиби — бул терең урматтоого татыктуу өзгөчө миссия, жана бул бийик макам түбөлүккө өзгөрүүсүз калат. Сиздерге гана адам эң баалуу нерсесин — өз өмүрүн ишенип тапшырат. Канчалаган бейтапты айыктырганыңарды жана канчалаган өмүрдү сактап калганыңарды бир дагы статистика чагылдыра албайт. Медицина илиминин жана саламаттыкты сактоо практикасынын маанисин эч кандай технологиялык прогресс өзгөртө албайт, анткени оорулууну айыктырган врачтын алтын колдору адамдын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат. Дени сак улут — өнүгүүнүн негизи. Жүрөгү таза дарыгерди эч кандай жасалма интеллект алмаштыра албайт», — деди ал.
«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо системасы сапат жагынан да жакшырып жатат: заманбап технологиялар киргизилип, заманбап аппараттар сатылып алынып, мурда мүмкүн болбогон операцияларды, мисалы, бөйрөк жана боорду трансплантациялоо үчүн шарттар түзүлүүдө. Эгерде 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагынын бюджети 26 млрд сомду түзсө, 2024-жылы 42 млрд сомду, ал эми 2025-жылы 49 млрд сомду түзүү каралган. Жыл сайын 2,8 млрд сомдон ашык каражат гемодиализ үчүн гана жумшалат. 7 облус үчүн МРТ аппараттары, 4 облус үчүн компьютердик томография жабдуулары сатылып алынды, тез жардам кызматынын жана мобилдик медициналык бригадалардын автопаркы толукталууда. Бул иштер улантылат», — деди ал.
МинКаб башчысы бүгүнкү күндө сергек жашоо маданиятын калыптандыруу, коомду өз ден соолугуна аяр мамиле жасоого үйрөтүү мурдагыдан да маанилүү экенин баса белгиледи. Адылбек Касымалиев сөзүнүн аягында медицина кызматкерлерине чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.