Пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда алынган 35 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Т.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан.