Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Ново-Вознесеновка айылынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө айыл чарба багытындагы 29,4 га жер тилкеси «А» дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Айыл чарба багытындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 20 млн 801 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекеттик менчикке кайтарылды.