00:45
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанга 18 миң тоннага жакын картошка алынып келинди

Июнь айынын аягына чейин Кыргызстанга 18 миң тоннага жакын картошка алынып келинди. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, картошканы импорттоо белгиленген карантиндик фитосанитардык талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүлөт.

Анын ичинде:

документтерди, анын ичинде фитосанитардык сертификатты жана накладнойлорду текшерүү;

зыяндуу организмдердин бар же жок экендигин аныктоо үчүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларда үлгүлөрдү изилдөө;

нитраттардын жана пестициддердин курамын текшерүү үчүн атайын токсикологиялык лабораторияларда үлгүлөрдү алуу.

Картошканы Кыргыз Республикасына ташып келүүгө зыяндуу заттардын жана организмдердин жок экендигин тастыктаган изилдөөлөрдүн оң натыйжалары алынгандан кийин гана уруксат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар