23:52
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

Бүгүн, 30-июнда саат 9:00дө бардык жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик документтерди — 9-класстын окуучулары үчүн негизги жалпы билими тууралуу аттестаттарды жана 11-класстын окуучулары үчүн орто жалпы билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи болот.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, документтерди тапшыруу учурундагы коопсуздук чараларын камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Эске салсак, 2024/25-окуу жылында 9-классты 134 681 окуучу, 11-классты 80 540 окуучу аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар