Бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда. Терроризмге, экстремизмге, транснационалдык кылмыштуулукка каршы туруу, ошондой эле киберкоопсуздук жана азыркы дүйнөдө барган сайын маанилүү болуп бараткан маалыматтык чакырыктарды камтыган жаңы коркунучтарга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, иш-чаранын жыйынтыгында мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, интеграцияны тереңдетүүгө жана Уюмдун алкагында биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюу пландаштырылууда. Бул макулдашуулар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында натыйжалуу кызматташуу жана координация үчүн негиз түзөт.
ЖККУ — катышуучу-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн эл аралык уюм, анын курамына: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.