00:05
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нурбек Сатаров 2023-жылдын 16-октябрынан 2024-жылдын 14-мартына чейин мамлекет башчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Нурбек Сатаров

Буга чейин Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген. Ал Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар