Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Түркиядагы, Казакстандагы жана Сауд Аравиясындагы элчиликтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Герцлия (Израиль) жана Шымкент (КР) шаарларындагы ардактуу консулдары менен тыгыз кызматташып, жогорку тобокелдик зонасынан биздин жарандарды алып чыгып кетүүдө оперативдүү иш-чараларды ишке ашырды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашылган иш-чаралардын натыйжасында Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке ийгиликтүү эвакуацияланып, ал жерден Шымкентке аман-эсен жетип, андан соң Кыргызстанга жеткирилген.
Тышкы иштер министрлиги Египеттин жетекчилигине жана компетенттүү органдарына көрсөткөн жардамы жана транзиттик каттамды уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле Казакстандын дипломатиялык миссияларына эффективдүү өз ара аракеттенүүсү жана колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилди, анын аркасында гуманитардык миссия ийгиликтүү аткарылды.
Эске сала кетсек, Жакынкы Чыгыш жаңжал аймагында кырдаал курч бойдон калууда.