00:39
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда мамлекеттик жылкы заводдору калыбына келтирилет

Кыргызстанда мамлекеттик жылкы заводдорун калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин башчысы Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору» жылкы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ал асыл-тукум жылкы чарбасынын бардык субъекттеринин башкы максаты — генетикалык, заманбап биотехнологиялык методдорду жана ыкмаларды пайдалануунун эсебинен жылкынын асыл-тукум жана азыктуулук сапаттарын жакшыртуу болуп саналарын белгиледи.

«Жылкы чарбачылыгы жылына орточо эсеп менен тирүү салмагында 30 миң тонна эт, ал эми кымыз даярдоого 5–6 миң тоннага чейин бээ сүтү өндүрүлөт. Жылкынын жалпы санынан эт багытындагы жылкылар 26-30 % түзөт.

Спорттук багыты — бул улуттук жана классикалык спорт үчүн өстүрүлгөн жылкыларды камтыйт. Кыргыз жылкысынын генофондун сактап калуу жана калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик жылкы заводдорун жаңыдан уюштуруу жана калыбына келтирүү боюнча иш алып баруу негизги максаттарыбыздын бири.

Ошол себептен Чолпон-Ата шаарындагы «Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору» жана № 54-чү жылкы заводу Маданият министрлигинен Айыл чарба министрлигине өткөрүлдү», — деп белгиледи Төрөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар