Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдик түзүлүштөрдү колдонууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзамдын максаты балдарды мобилдүү түзүлүштɵрдүн терс таасиринен жана кибербуллинг тобокелдигинен коргоо болуп саналат.
Мыйзамдын милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат:
— окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү;
— санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу;
— жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.
Мыйзамда жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери, билим берүү процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдалануу саясаты, билим берүү чөйрөсүндө кибербуллинге жана жол берилгис контентке каршы күрɵшүү боюнча чаралар, кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигинен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссияны түзүү, ошондой эле аталган комиссиянын укуктары каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.