Дүйнөдөгү эң кургак деп эсептелген Чилинин Атакама чөлүн бир күн мурда кар басып калган. Бул тууралуу анын аймагында жайгашкан ALMA обсерваториясы билдирди.
Уюмдун X социалдык тармагындагы расмий билдирүүсүндө: «Укмуштуудай! Дүйнөдөгү эң кургак Атакама чөлүн кар басып калды», -деп айтылат маалыматта.
Обсерватория жарыялаган видеодо комплекстин аймагында кар жаап жатканын көрүүгө болот. ALMA өкүлдөрү мындай табигый көрүнүш акыркы он жылда биринчи жолу катталып жатканын баса белгилешти. Эксперттер окуяны «феномен» деп атап, анын бул аймак үчүн өзгөчөлүгүн белгилешти.
Атакама чөлү планетадагы эң кургак жерлердин бири катары белгилүү. Бул жердин кээ бир аймактарда ондогон жылдар бою жаан-чачын болбойт.