Президент Садыр Жапаров Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы Минск эл аралык көргөзмө борборун кыдырууга катышты. Мамлекет башчысы Беларуста иштелип чыккан жана колдонулган аскердик, атайын жана өнөр жай техникалары менен таанышты.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу-өлкө лидерлери жүк көтөрүмдүүлүгү 450 тонна болгон жүгүн автоматтык түрдө түшүрүүчү БелАЗ-75710 карьердик унаасынын фонунда биргелешип сүрөткө түшүштү.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев кызматташуунун келечектүү багыттарын жана мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашат.