Бүгүн, 27-июнда Бишкектин түштүк аймагындагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ичүүчү суу саат 10:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлөт.
Кесилген аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
11-кичи район — «Көк-Жар» турак жай конушунда — «Улан» кичи району жана Кара-Дарын көчөсү.
Өчүрүү 11-кичирайондогу суу түтүгүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.