Бишкектеги «Мадина» базарында 10 коомдук тамактануучу жай жабылды. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан текшерүү уюштурулуп, анын жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 24 мыйзам бузуу протоколу түзүлгөн.
Мыйзам бузуулар боюнча жалпы 277,5 миң сомдук айып салуу боюнча 24 токтом кабыл алынган.
Объектилердин иши токтотулган.