2025-жылдын 17-июнуна карата Кыргызстанда кызамык оорусунун 8 миң 211 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эң көп (4,9 миң) Бишкек шаарында катталган.
Аймактар боюнча абал төмөнкүчө:
Ош шаарында — 549 учур;
Чүй облусунда — 962;
Таласта — 201;
Нарында — 142;
Баткенде — 265;
Ош шаарында — 629;
Жалал-Абадда — 467;
Ысык-Көлдө — 107.
Көбүнчө жаш балдар оорушат.
7 миң 724 адам, же 94 пайызы эмдөөдөн өтпөгөн.
2025-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасында кызамык оорусунан тогуз адам каза болду.