03:48
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Эл өкүлү ЖРТ тууралуу жобону кароо боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Бүткүл республикалык тестирлөө боюнча жобону карап чыгуу боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

Эл өкүлү ЖРТ өзүн ачык, чынчыл, коррупциясыз сынак катары көрсөткөнүн белгиледи.

«Бирок анын азыркы түрү ата-энелерди жана мугалимдерди тынчсыздандырат. Жалпы республикалык тестирлөөдөн «алтын сертификат» алган 54 окуучунун ичинен бирөө гана кыргыз тилинен тапшырганы коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратты. Буга байланыштуу депутаттар, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнөн комиссия түзүүнү сунуштайм», — деди Табылды Муратбеков.

Эл өкүлү ошондой эле тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон абитуриенттерге күмүш жана коло сертификаттарды берүү, аймактык жана тилдик квоталарды киргизүү маселесин кароону сунуштоодо.

Белгилей кетсек, 23-июнда Билим берүү министрлиги Бүткүл республикалык тестирлөөдө эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 54 окуучунун тизмесин жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар