18:22
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Нарын аба майданы август айында ишке берилет

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Нарындагы жолугушуу

Нарын аэропорту август айында ишке берилет. Бул тууралуу Нарын шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Жаңыланган аэропорттун ишке кириши менен ички каттамдар жанданары белгиленген.

Мындан тышкары, жыйында Камчыбек Ташиев облус жетекчилигин сынга алып, каралып жаткан долбоорлордун көбү аткарылбай жатканын билдирди.

Ошентип, Нарында жолдордун, анын ичинде Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн боюндагы курулуш иштеринин кечеңдеши жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Буга байланыштуу аталган жолдордун курулушуна жооптуу «Бета Групп» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди.

УКМК төрагасы Шералиев көчөсүндөгү негизги жолдорду 10-августка чейин, Ленин көчөсүндөгү жолдорду 20-сентябрга чейин бүтүрүү талабын коюп, мындан тышкары облустун башка жолдорун куруу боюнча Транспорт министрлигине тапшырмалар берилди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары облустун калктуу аймактарын көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө милдеттүү экендиги айтылды. Муну менен катар президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев шаарда курулуп жаткан ипотекалык үйлөр үч айдын ичинде бүткөрүлүп, шаар тургундарына берилээрин убада кылды.

Жыйындын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын суроо-талаптарын угуп, шаардагы транспорт маселесин чечүү, айрым аймактарда спорт комплексин, турмуш-тиричилик жактан тейлөө борборун куруу, коммуналдык кызматтарды көрсөтүү, райондордун ички социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө керектүү каражат бөлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар