2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда катуу шамалдан улам беш өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу брифингде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, бул окуялардан келтирилген жалпы чыгым 14 миллион 869 миң сомду түздү.
«2024-жылы өлкөдө 132 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 79 адам каза болгон. Алардан келтирилген зыян 1,3 миллиард сомдон ашты», -деди министрдин орун басары.
Алардын ичинен:
123 учур жаратылыш кубулуштарына (сел, жер көчкү, жер титирөө жана башка) байланыштуу. 29 адам каза болуп, келтирилген зыян 1 миллиард 239 миллион сомду түздү.
9 кырсык техногендик (мисалы, өрт), анын кесепетинен жабыркагандардын саны 51 адамды түздү.