21:08
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын ӨКМ кызматкерлеринин айлыгын 1-июлдан тарта жогорулатуу каралууда

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин маянасын этап менен жогорулатуу каралууда. Бул тууралуу брифингде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

«Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта офицердик курамдын эмгек акысы 25 пайызга көтөрүлөт. Октябрдан тарта ӨКМдин башка аскер кызматкерлеринин жана кенже кызматтык курамдын эмгек акысын жогорулатуу пландалууда», — деди ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, башкармалыктын түзүмүндө кадрлардын жетишсиздиги бар — куткаруучу бөлүмдөрдө 1 миң штаттык бирдиктен ашат.

Эң көп окулган жаңылыктар