Бүгүн, 24-июнда Centrum Air компаниясынын Ташкенттен Бишкекке алгачкы аба каттамы ишке ашты. Учак «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эми бул багыт жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү үзгүлтүксүз тейленет.