26-июнда Бишкектин айрым райондорунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы: Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, 44 Га, 50 га Кырман конуштары.
Өчүрүү Сельский суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатат.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.