Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган чоң стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Объект облусту өнүктүрүүнүн масштабдуу программасынын алкагында курулуп жатат, ага республикалык бюджеттен 10 миллиард сом бөлүнүп, анын 1 миллиарды спорт аянтчасына багытталган.
Камчыбек Ташиев президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, подрядчыга жана тийиштүү кызмат адамдарына курулуш иштеринин жүрүшү жай болуп жатканын сынга алып, иштерди тездетүүнү айтып, жеринде тапшырмалар берилди.
Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.
Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары 3 машыгуу оюн талааларын жана 4 кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.
Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат. Ошондой эле футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.
Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда. Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.
Бул аракеттер КР президентинин «2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашууда.