21:46
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

2025-жылы 259 тонна сапатсыз мал чарба азыктары аныкталган

2025-жылдын беш айында Ветеринардык кызматтын ветеринардык чек ара бекеттеринде мал чарба азыктарын мыйзамсыз ташуу боюнча жалпысынан 29 мыйзам бузуулар аныкталган. Бул иштер боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 259 тонна продукция кайтарылган.

Бул фактылар жарандардын ден соолугун сактоого жана өлкө аймагына жугуштуу оорулардын киришин алдын алууга багытталган ветеринардык көзөмөл иш-чараларынын алкагында аныкталган.

Ветеринардык кызмат мындан ары мал чарба азыктарынын коопсуздугуна жана сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча иш алып барат. Жарандар жана ишкерлер жүк ташууда мыйзамдын талаптарын так сактоого жана тиешелүү ветеринардык документтерге ээ болууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, республикада 30 ветеринардык көзөмөл пункту иштейт, анын ичинде:

• 19 пункт — мамлекеттик чек арада;

• 4 пункт — убактылуу сактоо зонасында;

• 5 пункт — темир жол станцияларында;

• 2 пункт — эл аралык аэропорттордо.

Эң көп окулган жаңылыктар