20:59
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ташкент-Тамчы багыты боюнча каттамдар башталды

Fly Kiva авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын лоукостери болгон Fly Kiva Airlines авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы багыты боюнча алгачкы жүргүнчү рейсин ишке ашырды.

Каттамдар 2025-жылдын 22-июнунда башталган жана 2025-жылдын 10-августуна чейин ар жекшемби күнү аткарылат.

Бул каттамдын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана арзан авиакаттамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар