02:39
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Силер кимсиңер? Депутат Эмгек министрлигинин мигранттарга айып салуусуна каршы

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айгүл Айдарова Эмгек министрлигин балдарды кароосуз калтырган мигранттарга айып пул салуу сунушун сынга алды.

«Селер кимсиңер, штраф салганы жатасыңарбы? Аларды жумуш менен камсыз кылбай эле айып саласыңар. Бул эмнеси? Көздөрүн чоңураак ачып, катуураак сүйлөп койгону үчүн айып салгыла» деп каарданды.

Эске салсак, өткөн аптада Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Өзгөртүүлөргө ылайык, ата-энелер жүйөлүү себептерден улам ата-энелик милдеттерин аткара албай калган мөөнөткө баласына камкорчу же көзөмөлчү дайындоо жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга конкреттүү адамды көрсөтүү менен билдирүүгө милдеттүү. Болбосо 12 миң сом айыпка жыгылат.

Эң көп окулган жаңылыктар