21:24
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ЖРТ −2025 рекорду: Бүтүрүүчү 242 упай алды

2025-жылдагы Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку 242 баллды Бишкек шаарындагы № 70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов алды.

Агартуу министрлиги 54 бүтүрүүчү ЖРТнын «алтын сертификатын» алаарын билдирди.

Экинчи эң жогорку жыйынтыкты — 240 упайды — Лайт академиясынан (Жалал-Абад) Медина Мухаммедова көрсөттү. Андан кийинки орунда 236 жана 235 упайлар турат, аларды бир нече окуучулар алган.

Эске салсак, 2024-жылы максимум 236 баллды түзүп, мындай жогорку упайга саналуулары гана жеткен.

Ошентип, 242 баллдын жыйынтыгы Кыргызстандын ЖРТ тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар