22:11
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда IV эл аралык «Мейкин Азия» фестивалына тандоо жарыяланды

Кыргызстанда IV Эл аралык ««Мейкин Азия» Making Asia» фестивалына тандоо жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата «Мейкин Азия» IV Ысык-Көл эл аралык популярдуу музыка аткаруучуларынын фестивалына Кыргыз Республикасынан катышуучуларды тандоо боюнча ачык сынак жарыяланды.

Өтүнмөнү кабыл алуу 2025-жылдын 18-июнунан 4-июлуна чейин жүргүзүлөт. Сынакка катышууну каалаган профессионал жана эл арасына кеңири таанылган аткаруучулар өзүнүн өтүнмөсүн [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү керек. Катышуу формасын Маданият министрлигинин расмий сайтынан жүктөп алууга болот: https://minculture.gov.kg/meykin-aziya-iv-el-aralik...

Катышуучуларга коюлган талаптар:

— Кыргыз Республикасында таанылган аткаруучу болушу керек;

— Эл аралык музыкалык сыйлыктардын ээси жана чыгармачылык жолу тууралуу маалымат болушу (Wikipedia шилтемеси / пресс-релиз / биография);

— Жаш курагы 18ден жогору;

— Ырдын темасы фестивалдын баалуулуктарына жооп бериши керек;

— Ырдын узактыгы 4 мүнөттөн ашпашы керек;

— Ыр дүйнөнүн каалаган тилинде аткарылат;

— Ыр жандуу үн менен аткарылышы шарт.

«Мейкин Азия» — дүйнө элдеринин ортосундагы маданий көпүрө катары кызмат кылган эл аралык музыка фестивалы. Аталган фестиваль музыкалык мурастарды жана улуттук салттарды өнүктүрүү, жаңы таланттарды таанытуу, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Байланыш телефондору:

0312 88-69-33 — Улуттук маданий борборунун Элдик чыгармачылык бөлүмү

0312 66-11-28 — Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгы.

Эң көп окулган жаңылыктар