Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди балдарды жээкте кароосуз калтырбоого жана сууда өзүн алып жүрүүнүн негизги эрежелерин үйрөтүүгө чакырат.
«Балдарыңыздын өмүрү сиздин жоопкерчилигиңизде» деп эскертип, видеотасма даярдашкан.
"Өспүрүмдөр жана кичинекей балдар суудагы кырсыктарды түшүнүшпөйт. Алар кокусунан тайгаланып, чөгүп кетип, агымга агып кетиши мүмкүн. Чоңдордун көзөмөлү жок кырсыкка кабылса, алар өз алдынча чыга албай калышат. Ар дайым балдарды көзөмөлдөп, санап тургула. Сууга түшүүчү жайлардын коопсуз болушун текшериңиз. Аларды сууда өзүн кандай алып жүрүүнү үйрөтүңүз", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 19-июнда Чүй районундагы ГЭС-5 суу сактагычына болжол менен 14 жаштагы өспүрүм чөгүп кеткен. Май айында Ош шаарында Ак-Бууру дарыясына бала агып кеткен. Сосновка айылында 15 жаштагы мектеп окуучусу каналга чөгүп кетти.