21:39
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Ысык-Ата» курортуна кеткен жолдо сел жүрдү

Красная Речка — Ысык-Ата курорт — Карагай-Булак жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жол жабык.

«Жол кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Окуя болгон жерде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар