Жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 21-июндан 12-июлга чейин Фрунзе жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда «Бишкектеплосеть» ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук трассасынын Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки эскилиги жеткен бөлүгүн алмаштырууда. Оңдолуп жаткан участоктун жалпы узундугу 500 метрди түзөт.
Маалым болгондой, реконструкциялоодо түтүктүн диаметри 900дөн 1 миң миллиметрге чейин көбөйөт. Жылуулук тармагынын бул участогу 1971-жылдан бери эксплуатацияланып, 54 жылдын ичинде өзүнүн стандарттык кызмат мөөнөтүн толугу менен түгөтүп, тез арада алмаштырууну талап кылган.
Шаар бийлиги каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонууну суранат.