21:59
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын өсүшү 13,1 пайызды түздү

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын өсүшү 13,1 пайызды түздү. Мындай маалыматтар КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин материалдарында камтылган.

Маалым болгондой, биринчи кварталда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүндө ИДП орточо 2,3 пайызга өскөн.

Эң жогорку көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасында катталган.

Шериктештиктин башка мамлекеттеринде эмне болуп жатат:

Азербайжан — 0,3 пайыз;

Армения — 5,9 процент;

Белоруссия — 3,1 процент;

Казакстан — 5,6 процент;

Россия — 1,4 пайыз;

Тажикстан — 8,2 процент;

Түркмөнстан — 6,3 пайыз;

Өзбекстан — 6,8 пайыз.

Эң көп окулган жаңылыктар