Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы Вьетнамда өтүп жаткан Азия чемпионатында 10 медаль утту. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтындагы маалыматка караганда турнирге 23 жашка чейинки балбандар катышты.
18—19-июнда өткөн таймаштарда кыргызстандык 10 спортчунун баары медаль алды:
— 2 алтын
— 4 күмүш
— 4 коло
Алтын медаль ээлери:
Асан Жанышов (87 кг)
Нурманбет Раймалы уулу (97 кг)
Күмүш медаль:
Нурболот Бердикулов (55 кг)
Байман Каримов (67 кг)
Кутман Темирбеков (72 кг)
Бекзат Орункул уулу (82 кг)
Коло медаль:
Курманбек Жапаров (60 кг)
Баяман Апилов (63 кг)
Эрлан Марс уулу (77 кг)
Нурболот Токтогонов (130 кг)