20:58
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун Талас шаардык соту РИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кенжебек Бокоевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Бир жума мурун ушул эле сот мурдагы эл өкүлүн 9-июлга чейин камакта калтырган.

Эске салсак, Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалган. Бирок милиция кылмыш ишин козгоого так эмнеге негиз болгонун билдирген жок.

Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштарынын депутаты, «Республика-Ата Журт» партиясынан шайланган.

Эң көп окулган жаңылыктар