Бишкекте массалык уулануу катталды. Андан 12 адам жабыркап, алардын алтоо жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул маалыматты 24-kg.com агентигине борбор калаадагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев тастыктады.
Анын айтымында, жабыркагандардын көбү 19 жаштан 21 жашка чейинки студенттер. Алардын баары Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Даамдуу» тез тамактануучу жайдан шаурма жешкен. Алардын абалы орто.
Аталган мекемеге 41 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган. Учурда уулануунун так себептери такталууда.
«Бардык ингредиенттер лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлдү. Кызматкерлер дагы медициналык текшерүүдөн өтүштү, жыйынтыгы кийин белгилүү болот», — деди Махамат Мурзашев.
Бул акыркы ай ичинде Кыргыз Республикасында шаурма менен уулануунун үчүнчү учуру; дагы экөө Таласта катталган.